Протест

Википедия дан

Протест - Дипломатияда кандайдыр бир мамлекеттин башка мамлекет тарабынан өзүнө каршы көрсөтүлгөн жагымсыз иш-аракетке расмий түрдө каршылык көрсөтүүсү.

Көрсөтүлгөн бул каршылык көпчүлүк учурда дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жана оозеки түрдө берилет. Жазуу түрүндө көрсөтүлгөн протест ал өлкөнүн борборуна тышкы иштер министрлиги тарабынан каршы өлкөнүн өкүлдөрүнө жөнөтүлөт. Мындан башка протест берилген өлкөнүн борборунда жайгашкан биринчи өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү тарабынан да жөнөтүлөт. Башкача айтканда, протест эки өлкөнүн бирисинин борборунда көрсөтүлөт.

Оозеки түрүндө көрсөтүлгөн протест да эки өлкөнүн бирисинин борборунда дипломатиялык өкүлчүлүктөр тарабынан өткөрүлөт. Бирок көпчүлүк учурда протест эки тараптуу байланыштын солгундашына таасир тийгизгендиктен, мамлекеттер төмөнкү ыкманы колдонушат. Мында протест көрсөтүлө турган өлкөнүн өкүлү протест бере турган өлкөнүн тышкы иштер министрлигине чакырылып, ал жерде протест жогорку даражадагы кызматкер тарабынан билдирилет жана жазуу түрүндө кабар берилет, же болбосо протест бере турган өлкөнүн элчилигине жогорку даражадагы кызматкер барып, расмий түрдө протест жарыяланганын билдирет.

Кээ бир учурларда бул ыкма колдонулбастан туруп, протест берүүчү мамлекет протест көрсөтүлө турган өлкөнүн өкүлүн өзүнө чакырып алып, кыйыр түрдө протест берилгендигин билдириши мүмкүн. Протест кылынган теманын маанилүүлүгүнө жана шарттарына карай анын таназарга алынып, алынбоосу же андан баш тартуу эки тараптын ортосундагы пикир келишпестикти жаратуусу мүмкүн. Бул учурда ультиматум коюлат. Ультиматум койбой туруп эле эки тараптуу байланышты үзүү протесттин жогорку баскычтарынан болуп эсептелет.

Күндөлүк турмушта да протест жүргүзүлүүсү мүмкүн. Мында жогорку протест ыкмаларынан башка усулдар колдонулат. Мындагы көздөлгөн максаттар да бири-биринен айырмаланат. Күндөлүк турмуштагы протестте башкаруу бийлигинин кандайдыр бир мыйзам, өкүмдөрүнө каршы нараазычылык акциялары, митинг, жыйналыштар өткөрүлөт жана саясий режимге каршы тирешүү болуп өтөт. Мында социалдык жана саясий максатта протест өткөрүлүшү мүмкүн.

Экономикалык жашоодогу протест жогорудагылардан башкача кырдаалда өткөрүлөт. Бул түрдөгү протест карызын убагында төлөбөгөн адамдарга же фирмаларга мыйзамдуу түрдө эскертүү берүү болуп саналат. Карыз алган адамдарга карата карыз акцияларынын протест кылынуусу макроэкономикада маанилүү роль ойнойт. Кандайдыр бир мамлекеттеги протест кылынган акциялардын жыйындысы ал мамлекеттеги жалпы экономикалык өндүрүштүн барометри болушу мүмкүн. Анткени көп өлчөмдөгү акциялардын протест кылынышы рыноктогу кыймылсыздыктын, соодагерлер менен фирмалардын керектүү өлчөмдө соода кылып, бирок киреше ала албагандыгынын, ушул себептүү карызын убагында төлөй албагандыгынын жана кредитке берген товарларынын да пайызын жетеринче ала албагандыгынын көрсөткүчү болот. Бул абал накталай акча менен кредиттик акчанын рынокто жетишпестигин билдирет. Буга каршы өкмөт тез арада алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүсү кажет. Убагында жана жетишерлик даражада алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлбөсө, экономикалык рынокто тең салмактуулук жоголот, өндүрүш азаят жана өлкөдө жумушсуздук пайда болот. Мындайча айтканда, өлкөдө экономикалык депрессия башталат. Ушул себептен улам экономика жана соода тармагында жүргүзүлгөн протесттер мамлекеттин ички саясатында маанилүү роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9