Протромбин

Википедия дан
Протромбин.

Протромбин (лат. pro - мурда, ордуна жана тромбин) - кишинин жана айбанаттардын кан плазмасындагы белок.

Кан уюу системасынын негизги компоненти. Протромбин химиялык жаратылышы боюнча - 12%ке жакын углеводдору бар гликопротеид. Протромбин тромбин ферментинен мурда пайда болуп, тромбдун түзүлүүсүн күчөтөт. Организмде Протромбиндин тромбинге айланышына протромбиназа ферменти жардам берет. Протромбиндин биосинтези боордун клеткаларында өтөт. Аны ичеги флорасында пайда болуучу К витамини жөнгө салат. Ал витамин жетишпегенде кандагы Протромбиндин саны азайып, кандын уюшу начаилайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.