Профессионалдык уюмдар
Профессионалдык уюмдар (профсоюздар) – өндүрүш, тейлөө чөйрөсү ж. б. маданият тармагында иштеген ишмердүүлүгүнө жараша өз эрки менен баш кошкон эмгекчилердин коомдук уюмдары. Ал жумушчулардын өз өкүлчүлүгүн түзүү, жашоо-тиричилигин жакшыртуу, укугун коргоо үчүн түзүлгөн. Профессионалдык уюмдардардын түзүлүшү капиталисттик доорго тиешелүү болуп, алгачкы жумушчулар уюму (англ. Trade-Unions, нем. Gewerkvereine, фр. Syndicats ouvriers) 18-кылымдын аягында Батыш Европа өлкөлөрү жана АКШда уюшула баштаган. 1868-ж. тред-юниондордун Конгресси (Trades Union Congress) түзүлүп, ал азыркыга чейин профсоюз кыймылынын негизги координациялык органы болуп эсептелет. Профсоюз кыймылынын күчөшүнө байланыштуу 1906-ж. Амьен хартиясы кабыл алынып, анда Профессионалдык уюмдар жумушчуларды бириктирүүнүн жападан-жалгыз алгылыктуу формасы экени жана саясий (парламенттик) күрөштөн баш тартуу, пролетариаттын буржуазияга каршы күрөшүн тынымсыз улантууну колдоп, капиталисттик түзүлүштү кулатуунун бирден-бир жолу жалпы иш таштоо экенин белгиленген. 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында марксизмдин (социал-демократтар, анархисттер) таасири менен профсоюз кыймылында саясатташуу процесси башталып, 1886-ж. 4-майдагы каршылык көрсөтүү демострациясында бир нече кишинин курман болушуна байланыштуу, 1889-ж. Экинчи Интернационалдын Париждеги конгрессинде 1-май эмгекчилердин эл аралык тилектештиги деп жарыяланган. 20-кылымдын башында профсоюз кыймылын эл аралык деңгээлде бириктирүү башталган. СССРдин түзүлүшү менен Россиядагы Профессионалдык уюмдар жалпы союздук профсоюздардын (ВЦСПС) структурасына биригип(анын ичинде Кыргызстан профсоюздарынын федерациясы), 1990-жга чейин чогуу болгон.