Профилактика

Википедия дан
Эмдөө — профилактиканын кеңири жайылган түрү

Профилактика (байыркы грек тилинен prophylaktikos — сактоочу) (алдын алуу) — саламаттыкты сактоо жана чыңдоо боюнча алдын алуу чаралары же калктын саламаттыгын жогорку деңгээлде күтүү максатында мамлекет, коомдук уюмдар жана айрым граждандар жүргүзгөн экономикалык, социалдык, гигиеналык жана медициналык чаралардын системасы.

Н. И. Пирогов

Алдын алуу түшүнүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алуу — медицинанын башкы багыты.
Оорунун алдын алуу түшүнүгүнүн мазмуну, аны аткаруунун айкын формасы коомдун өнүгүшүнүн ар кандай тарыхый этабында мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн шартына байланыштуу өзгөрүп келген. Профилактика байыркы заманда эле белгилүү, элдик медицинанын башталышынан чыгат. Кылымдар бою оорулардын алдын алуу медицинада башкы орунда болуп, анда жеке гигиенанын талаптары негизги ролду ойногон. Профилактиканы негиздөөгө жана таратууга көрүнүктүү медицина ишмерлери чоң салым киргизишкен. Бирок анын илимий негиздерин иштеп чыгуу 19-кылымда гана башталган. Илимий профилактиканын өнүгүшүнө микробиология, физиология жана гигиенанын жетишкендиктери, ошондой эле оорулардын пайда болушуна жана таралышына чоң роль ойногон айлана- чөйрөнү изилдөө олуттуу себеп болгон. «Келечек алдын алуучу медицинага таандык» — деп жазган орус хирургу Н. И. Пирогов.

Эмгекчилер системасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгекчилердин кызыкчылыгына ылайык эмгекти коргоо, социалдык камсыздандыруу, коопсуздук техникасы жана башка системалар түзүлгөн. Дүйнөдө биринчи болуп өндүрүш зонасындагы зыяндуу заттардын уруксат этилген концентрациясынын мүмкүн болгон чегин киргизүү, кесиптик тандоо, жумушчуларды алдын ала жана мезгили менен медициналык текшерүү, коопсуздук технологиясын киргизүү, кыскартылган жумуш күнү, зыяндуу өндүрүштө иштегендер үчүн кошумча дем алыш, катуу контроль жана өндүрүштүк санитариялык көзөмөл кесип ооруларынын азайышына алып келди. Жеке профилактика — ден соолукка жалпы элдик байлык катары аң-сезимдүү жана жооптуу мамиле жасоону, сергек турмуш эрежесин аткарууну, зыяндуу көнүмүш адаттарды жок кылууну, мамилелешүү, жүрүм-турум, тамактануу маданиятын тарбиялоону, эмгек жана эс алуу режимин сактоону, дене тарбия жана спортко системалуу катышууну, санитариялык жалпы маданиятты, гигиеналык билимди жогорулатуунун негизинде инсандын гармониялуу өнүгүшүн, ден соолугун сак- тоону жана чыңдоону, оорулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылат. Бул максаттарга багытталган иш бала кезден башталууга тийиш.

Коомдук профилактика тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коомдук профилактика мамлекеттик институттардын, коомдук уюмдардын, граждандардын дене тарбиясын жана рухий кубатынын бардык жагынан өсүшүн камсыз кылуу, калктын саламаттыгына зыяндуу таасир этүүчү факторлорду жоюу максатында пландуу түрдө жүргүзүлгөн саясий, социалдык, экономикалык, закондуулук, тарбиялоо, санитария-техникалык, санитария-гигиеналык, эпидемияларга каршы жана медициналык чаралардын системасын кучагына алат. Анын максаты калктын саламаттыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылууга, ооруларды пайда кылуучу себептерди жоюуга багытталып, эмгек шартын, материалдык камсыздандырууну, турак жай тиричилик шартын жакшыртууну, калк керектөөчү товарларды көбөйтүүнү, саламаттык сак- тоону, билим берүү жана маданият, дене тарбия ишин жана башка өнүктүрүүнү камтыйт. Коомдук профилактиканын натыйжалуулугу негизинен ар бир адам өз ден соолугун чыңдоо, сактоо үчүн коомчулук түзгөн мүмкүнчүлүктөн толук пайдалануусуна байланыштуу болот. Коомдук алдын алууну аткаруу закон чыгаруу чараларын, олуттуу материалдык чыгымдарды жана мамлекеттик аппараттын бүткүл тармактарынын, медициналык мекемелердин, өнөр жай, курулуш, айыл чарба ишканаларынын жана башка бирдиктүү аракеттерин талап кылат. Оорулардын алдын алууну ишке ашыруу саламаттык сактоо органдарынын гана милдети эмес, ошондой эле партиялык комитеттердин, министерстволордун жана ведомстволордун, Эл депутаттар советтеринин, профсоюздардын, комсомолдун, чарба жетекчилеринин, эмгек коллективдеринин да ишинин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Алгачкы профилактика — оорулардын алдын алууга, анын пайда болуу, өөрчүү шартын, себептерин жоюуга, курчап турган табигый, өндүрүштүк, турмуш-тиричилик чөйрөлөрүнүн жагымсыз факторлоруна, организмдин туруктуулугун көтөрүүгө багытталган социалдык, медициналык, гигиеналык тарбиялоо чараларынын системасы. Ооруну эрте табууга, анын кайталануусун, күчөп кетүүсүн алдын алууга багытталган экинчи профилактикадан айырмаланып алгачкы профилактика ден соолукту сактоо, ооруга дуушар кылуучу табигый жана социалдык чөйрөнүн зыяндуу факторлорунун таасирин тийгизбөө чараларын жүргүзөт.

Алдын алуу багыты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алуу багыты социалисттик саламаттык сактоонун түзүлүшүнүн ар кандай этаптарында эпидемиялар жана массалык оорулар менен күрөшүүдөгү биздин ийгиликтерге шарт түзүп, балдар жана энелердин өлүмүн кыскартууну, жугуштуу ооруну жоюуну камсыз кылды жана эмгектин, турмуштун гигиеналык шартын түзүүдө, калктын санитариялык маданиятын жогорулатууда маанилүү роль ойноду.

Натыйжасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-кылымдын 2-жарымынан экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө оорунун түрлөрү даана өзгөрүп, жугуштуу оорулар азайып же таптакыр жоюлуп, жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары жана башка жугушсуз дарттар өлүмдүн, майыптыктын жана убактылуу ишке жараксыздыктын себеби катары алдыңкы орунга чыкты. Бул оорулар эмгекчилер арасында кеңири тарап, калктын саламаттыгына жана коомдун эмгек байлыгына олуттуу зыян келтирүүдө. Бул оорулардын өсүшү жана аларга каршы жетишерлик дары-дармектердин жоктугу жугушсуз ооруларга каршы күрөшүү жолдорун изилдөөгө түрткү болду. Өлкөбүздө 50-жылдарда жугушсуз оорулар менен күрөшүүнүн мыкты ыкмалары негизделди. Мүмкүн болушунча ооруну башталышында эрте таап, убагында дарылоо, оорулууларды диспансердик байкоого алуу, өнөкөткө өтүп же кабылдап кетүүсүн алдын алуу максатында мезгили менен дарылоо уюштурулган. Бул көзөмөл оорулардын күчөп, оор түрүнө айланышын алдын алат. Саламаттык сактоонун өсүшү менен түрдүү медициналык адистердин жетиштүүлүгү, ооруларды даана белгиси али жок, организм функциясынын өзгөрүүсү жаңы башталган стадияда табууга мүмкүнчүлүк берген диагностикалык методдорду киргизүү, калыбына келтирүү жоболорун иштеп чыгып пайдалануунун негизинде, бул иштер барган сайын дартты алдын алууга багытта- лып, жугушсуз оорулардын экинчи профилактикасына айланды.
Советтик саламаттык сактоо тармактарынын пландуу өсүшү менен калкты диспансерлөөнүн масштабы жана сапаты өсүүдө. 50—60-жылдары диспансерлик байкоого кээ бир кеңири таркаган өнөкөт оорулуулар (ревматизм, карын оорулары жана башкалар) алынып, айыл калкын диспансерлөө башталган. Бул ишти аткарууга участкалык терапевт, педиатр жана акушер-гинекологдон тыш- кары поликлиникалык мекемелерде иштеген башка врач-адис катыша баштады. 1948-жылдан шишик жана аны пайда кылуучу ооруларды табууда учурдагы медициналык жабдууларды жана аспап- тарды кеңири пайдаланып, милдеттүү түрдө массалык алдын алуу кароолору уюштурулган. Жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүү да атеросклероз, гипертония, ревматизм ооруларын убагында таап, дарылоо жүргүзүлүп, поликлиникада бул ишти уюштуруу үчүн кардиоревматизм кабинеттери ачылган. Жүрөк-кан тамыр, шишик жана башка кеңири тараган оорулардын пайда болуу себептерин изилдеп, аларды алдын алуу жана дарылоо методдорун иштеп чыгуу медицина илиминин негизги милдети болуп калды. Медициналык илимий изилдөө проблемаларындагы өзгөрүштөр фундаменттүү, тактап айтканда биологиялык илимдерди өнүктүрүү максатында илимий изилдөө иштеринин багытын өзгөртүү мезгилине туура келди. Ири теориялык изилдөөлөр менен тыгыз байланышта социалдык гигиена, эпидемиология жана социалдык клиника жактан комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, булардын негизинде өлкөнүн региондорунда жугушсуз оорулардын түрдүү формаларынын таралышы жөнүндө маалыматтар алынган. Бул илимий маалыматтар бардык оорулардын 50%инин пайда болушу калктын жашоо-тиричилик мүнөзүнө, анын ар түрдүү топторунун жүрүм-турумуна, 20% айлана-чөйрөнүн жагымсыз таасирине, 20%ке жакыны тукум куума жана 10%тен ашыгы медициналык аспект менен түздөн-түз байланыштуу деп аныкталды. Саламаттыкты сактоо үчүн күрөштүн учурундагы стратегиясы адептүү жашоону камсыз кылууга, коркунучтуу факторлорго каршы алдын алуу иш чараларын көрүүгө, саламаттыкка зыяндуу себептерге ишенимдүү тоскоолдорду уюштурууга багытталган. Буга байланыштуу ден-соолукту сактоо жана чыңдоого, өмүрдүн узактыгын, чыгармачылык активдүүлүгүн өркүндөтүү үчүн сергектик турмуш мүнөзүнө үйрөтүү, зыяндуу өнөкөттөрдөн (тамеки чегүү, баңгилик, аракечтик, ылайыксыз жүрүм-турум) баш тартууга калкты тарбиялоонун чоң мааниси бар. Коркунучтуу факторлорду изилдөөлөр алардын көпчүлүгү ар кандай жугушсуз дарттар менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгүн арбытарын көрсөттү. Мисалы, чылым чегүү — коркунучтуу негизги факторлордун бири; анын таасиринен кекиртек, өпкө жугушсуз өнөкөт оорулары, көпчүлүк жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу жолдорунун жана башка органдардын коркунучтуу шишик оорулары пайда болушу белгилүү; иретсиз, ченемсиз тамактануу семирүүгө, кант оорусуна, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет. Ар бир оорунун пайда болушунда жана өөрчүшүндө түрдүү коркунучтуу фактордун ролу бирдей эмес. Көпчүлүк изилдөөлөрдүн пикири боюнча 20дан ашуун жүрөк- кан тамыр оорусунун коркунучтуу факторлорунун ичинен артериялык гипертониянын айрым формалары, чылым чегүү, холестериндин канда көбөйүшү, семирүү, кыймыл-аракеттин жетишсиздиги чоң мааниге ээ. Дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларынын пайда болушунун негизги факторлоруна чылым чегүү, абанын булганычтыгы, жумуш орундарындагы абанын өнөр жайлык булгануусу жана башка кирет. Бул оорулардын пайда болушунда аба чөйрөсүнүн булгангандыгына салыштырганда чылым чегүү алда канча зыяндуу. Коркунучтуу факторлордун мааниси алардын өлчөмүнө жана ар биринин же биргелешкен таасиринин узактыгына жана башка жараша ар кандай болот. Бир нече коркунучтуу факторлордун кошулган таасири оорулардын пайда болуу мүмкүндүгүн өтө жогорулатат, мисалы, чылым чегүү коркунучтуу шишиктин мүмкүнчүлүгүн 1,5 эсе, аракечтик 1,2 эсе көбөйтсө, алардын биргелешкен таасири 5,7 эсе көбөйтөт.
Кеңири таралган жугушсуз ооруларды алдын алууну бала жана өспүрүм кезден баштаса алар менен күрөшүү натыйжалуу болору көп далилдер менен аныкталды. Алардын арасында алдын алуу ишин, баарыдан мурун тарбия жана санитариялык-агартуу иштерин кеңири жүргүзүү зарыл. Бул мезгилде келечекте жугушсуз ооруларды пайда кылуучу факторлордун — терс кыял жоруктун, зыяндуу өнөкөттөрдүн, кыймыл-аракетсиз эс алуунун (жалкоолук), иретсиз тамактануунун адат болуп кетишин алдын алууга мүмкүн болсо, бойго жеткенде алардан кутулуу өтө кыйын. Балдарды кыймыл-аракетке тарбиялоо, физкультура жана спортко тартуу ар түрдүү жана иреттүү тамак- танууга, тегерегиндегилерге камкор жана ызааттуулукка, жакшы мүнөз, адаттарга үйрөтүү жеңилирээк. Мындай көрүнүштөр ар түрдүү жугушсуз оорулардын пайда болуусуна жана өөрчүшүнө шарт түзүүчү факторлордун таасирине организмдин каршылык көрсөтүүсүн күчөтүп, ички коркунуч факторлорун түзөтүүгө же жок кылууга жардам берет. Коркунучтуу факторлорду таап, изилдөө жугушсуз оорулардын экинчи профилактикасы үчүн да маанилүү. Изилдөөлөргө караганда коркунучтуу факторлордун көбү оорулардын өтүшүн оордотуп, өөрчүп, күчөшүнө, ал эмес өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Рак шишигинин пайда болуу себептеринин 30%и чылым чегүүгө байланыштуу. Планетабызда чылым чегүүдөн жылына 1 млндой адам өпкө рагы менен ооруса, 2000-жылга чейин алар 2 эсе өсүшү мүмкүн. Никотин түтүнү жүрөк-кан тамырларында, нерв клеткаларында жана башкалар органдарда кайра калыбына келгис оор өзгөрүүлөргө алып келери белгилүү. Тамекинин түтүнү чылым чекпегендер (өзгөчө өспүрүмдөр жана балдар) үчүн өтө зыяндуу. Ошентип жугушсуз оорулардын натыйжалуу экинчи профилактикасы биринчисинин иштери менен айкалышып, аны өз кучагына алат. Бул саламаттык сактоо тармагында алдын алуу кызматынын биримдүүлүгүн дагы далилдейт, буга байланыштуу алгачкы максаттарынын айырмасына карабай, биринчи жана экинчи профилактика коомдук жана жеке саламаттыктын жогорку деңгээлин камсыз кылууга, саламаттык сактоонун негизги экономикалык функциясы — оорулардын жана майыптыктын алдын алуунун негизинде коомдук эмгек ресурстарын сактоо жана көбөйтүүгө багытталган бирдиктүү алдын алуу процесстеринин эки стадиясы катары каралат. Алгачкы профилактиканын чаралары ооруларды алдын алууга багытталса, экинчи профилактика ооруну башталышында таап, майыптыктан коргоп, эмгекке жарамдуулукту сактоого, ден соолукту кайра калыбына келтирүүгө багытталган.

Кыргызстанда иштелген профилактикалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1977-ж. Фрунзеде ачылган Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунун окумуштуулары Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги М. М. Миррахимовдун жетекчилигинде жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү жана инвалиддикти азайтуу максатында анын биринчи жана экинчи профилактикасын иштеп чыгып, саламаттык сактоо мекемелеринин иш практикасына киргизүү, республиканын ар кандай бийиктигинде жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин жана анын ооруларынын өөрчүшүн изилдеп, аларды дарылоонун ылайыктуу ыкмасы изденүүдө. Учурдагы кеңири тараган жугушсуз оорулардан биринчи иретте жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын, шишик, эндокрин оорулардын биринчи профилактика чараларын активдүү жүргүзүп, иш жүзүнө ашыруу милдеттери турат. Ооруларды алдын алуунун бүткүл элементтери бирдиктүү комплекстик чаралар катары бириктирилип, көптөгөн министерстволор, ведомстволор, өнөр жай ишканалары менен жалпы коомчулуктун, калктын активдүү катышуусу менен аткарылууга тийиш.

Профилактика белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айлана-чөйрөнү коргоо жана тазартуу, өндүрүштүн санитария-гигиеналык шарттарын жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралар алгачкы профилактиканын маанилүү бөлүгү болот. Буларды аткарууда бардык мамлекеттик, коомдук уюмдар жана мекемелер менен бирдикте санитария-эпидемиологиялык кызматтын ролу чоң. Атмосферанын, жер-суунун булгануусу, өсүмдүк, жаныбарлардын көп түрүнүн жоголушу, жер кыртышынын бузулушу жана башкалар адамдын чарбалык аракетинин натыйжасы айлана-чөйрөнү коргоо проблемасына көңүл бурууну күчөтүүнү талап кылат. Айлана-чөйрөнү коргоо, эмгекти коргоо жана шартын жакшыртуу, анын негизинде өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү проблемасы алгачкы профилактиканын системасында олуттуу орунду ээлейт. Коркунучтуу факторлор менен күрөш мамлекеттик масштабда жүргүзүлүүдө. Бул багыттарда профилактика адамдын саламаттыгынын жогорку деңгээлин, алардын чыгармачылыгын узак жылдарга камсыз кылууга, оорулардын бардык себептерин четтетүүгө, калктын эмгек, турмуш-тиричилик жана эс алуу шартын жакшыртууга, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган чаралардын комплекси болуп, аларды ишке ашыруу саламаттык сактоо органдарынын гана милдети эмес, ошондой эле партиялык комитеттердин, министерстволордун жана ведомстволордун, Эл депутаттар советтеринин, профсоюздардын, комсомолдун, чарба жетекчилеринин жана башкалар ишинин эң маанилүү бөлүгү деп белгиленди. Бул документте алдын алуунун негизги үч багыты белгиленген.

Биринчи багыт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи багыты — калктын эмгек, турмуш-тиричилик жана эс алуу шарттарын жакшыртууга, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган комплекстүү чараларды ишке ашыруу. Жаратылышты коргоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүнү ооруну массалык алдын алуу ишинин ажырагыс бөлүгү катары кароо менен айлана-чөйрөнү булгаган ишканалар турак жай райондорунан чыгарылмакчы. Эл депутаттар советтери, министерстволор, ведомстволор, саламаттык сактоо органдары, мамлекеттик санитариялык инспекция айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууну өтө маанилүү багыттардын бири катары карайт. Ошондой эле ооруну, кырсыкты алдын алуу, азайтуу боюнча ири комплекстүү чараларды ишке ашырууну камсыз кылышат.

Экинчи багыт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи багыты — жеке адамдын жана бүткүл коомдун сергек турмуш-тиричилигин калыптандыруу, ден соолукка жалпы элдик байлык катары аң-сезимдүү жана жооптуу мамиле жасоо, бардык совет адамдарынын жашоосунун жана жүрүш-турушунун нормасы болууга тийиш. Санитария-гигиеналык билимди пропагандалоо — азыркы шартта алдын алуу ишинин эң маанилүү милдети. Муну аткарууда медициналык мекемелердин, Кызыл Крест коомунун, массалык информация мекемелеринин ролу өтө чоң.

Үчүнчү багыт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үчүнчү багыт — калкты жалпы диспансерлөө процессинде ар бир адамдын саламаттыгын сактоо үчүн активдүү медициналык көзөмөлдү уюштуруу. Ал ар кандай оорулары эрте байкалган, ошондой эле чөйрөнүн же жашоо-тиричилик мүнөзүнүн ден соолукка жагымсыз факторлордун таасирине дуушар болгон адамдарды табуу жана ден соолукту чыңдоочу зарыл чараларды көрүү максатында ар бир адам жыл сайын медициналык изилдөөдөн өтүүсүн камсыздандырат. Жалпы диспансерлөө совет адамынын жана бүт коомдун саламаттыгына баа берүүнүн жана системалуу байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү тармагын түзүүгө мүмкүндүк берет. Илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерине таянып, бул система оорулардын келип чыгышына жана күчөшүнө себеп болуучу бардык нерсеге карата алдын алуу чараларын өз учурунда жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш. Өзүнүн масштабы жана социалдык маанилүүлүгү боюнча бул программаны ишке ашыруу советтик саламаттык сактоонун өнүгүшүндөгү сапаттык жаңы этап болот. Мында мамлекет ар бир граждандын саламаттыгы жөнүндө камкордукту — анын бүткүл өмүрүнүн ичинде активдүү динамикалуу байкоо жүргүзүүнү жана саламаттык сактоо жөнүндөгү камкордукту өзүнө алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8