Псевдоморфоз

Википедия дан

Псевдоморфоз (псевдо... жана грекче rnorphe – түр, калып), жалган калып – сырткы калыбы минералдын ички структурасына жана курамына туура келбеген кристаллдык түзүлүштүк Эки же андан көп минералдын жаралуу стадиясындагы кошулуусунда бирөө өзүнө тиешелүү калыпта кристаллданбай, башкасынын кристаллы боюнча өсүшүнөн (көңдөйлөнгөн ичин толтуруп же сырткы турпатын жаап калышынан) пайда болот. Мисалы, пириттин өзүнө мүнөздүү куб калыбында эмес, марказиттин кристаллы боюнча ромб түрүндө болушу ж. б. Бир минерал экинчисинин ордунда кристаллданса, жөнөкөй псевдоморфоз, бир нече минерал агрегатынан түзүлсө, татаал псевдоморфоз деп аталат. Too тектердин көңдөйлөрүндө щёлочтонгон минералдардын орду толукталуудан (толукталган псевдоморфоз) же химиялык жактан аралашуудан пайда болот; мурунку минералдардын заттарынын басымдуу бөлүгү жаңы минералдардын курамына кошулат (өзгөрүлмө псевдоморфоз); же чогуу бойдон сүрүп чыгарылат (орун котормо псевдоморфоз). Псевдоморфоз бак-дарактардын көңдөйлөрүндө, моллюскалардын кабыкчаларында ж. б. да кездешет. Минералдардын өзгөрүү закон ченемин аныктоодо, алгачкы шарттарды жана жүргөн химиялык реакцияларды билүүдө псевдоморфозду изилдөөнүн мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]