Псефит

Википедия дан

Псефит (грекче pse'phos – майда таш, шагыл) – кесек бүртүкчөлүү тоо тек – өлчөмү 1 ммден чоң бүртүкчөлөрдөн турган тоо тек. Бүртүкчөлөр (бөлүкчөлөр) сүрүлүп жумуруланган (кой таш, шагыл), жылмаланбай кырлуу (коргол таш, сандык таш) болот. Борпон (шагыл, галечник) жана камдашкан (конгломерат, гравелит, брекчия) сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Псефит көбүнчө тоо жеринде, суу өрөөндөрүндө, деңиз жээктеринде пайда болот. Айрым түрү курулушка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]