Псиломелан

Википедия дан
Псиломелан.

Псиломелан (грекче psilos-жылаңач, жылма жана melanos – кара) – марганецтик татаал суулуу кычкылдар тобундагы минерал. Болжолдонгон химиялык формуласы: BaMn2+Mng4+O20–3H2O же (Ва, Mn2+)3(0,0H)6Mng4+016 Моноклин системасында кристаллданат. Өнү кара, боз, каралжын. Катуулугу 1–3, тыгыздыгы 4000-4710 кг/м3. Чөкмө, кээде гидротерм жолу менен пайда болот. Марганец кен таштарынын кычкылдануу зонасында да кезигет. Псиломелан – марганец кен ташы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]