Психоанализ

Википедия дан

Психоанализнерв, психика ооруларын айыктыруунун 3. Фрейд негиздеген жалпы теориясы жана ыгы; фрейдизмдип теориялык негиздеринин бири.

Психоанализ боюнча адамдын рухий дүйнөсүндө бейаң (бессознательное) үстөмдүк кылат. Алы психиканын тереңинде коомдук тыюулардын системасы карман турат. Бирок айрым учурда «цензураны» буйтап өтүп, калп жана жаңылыш кел, невроздук симптом ж. б. түрүндө баамга урунат. Алар сыртынан маанисиз, акылга сыйбас көрүнгөнү менен нары жагында «накта» мааниге ээ. Психоанализ бейаң кубулуштардын маанисин ачууга «эркин ассоциация», түштү жана жаңылыш кепти түшүндүрүү сыяктуу ыктарды колдонот. Фрейд (өмүрүнүн акыркы жылдарында) жана анын шакирттери Психоанализдин субъективдүү ыктарын коомдук кубулуштарды иликтөөгө колдонуп, ар кандай окуяны бир кишинин же жалпы журттун мүдөөлөрүнүн натыйжасы катары түшүндүрүшкөн. Марксчыл-ленинчил философия Психоанализдин бир беткей, калпыс тыянактарын ашкерелейт.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.