Психопатия

Википедия дан

Психопатия (психо... жана ...патия), патологиялык мүнөз – психикалык оорулардын тобу. Психопатия менен «кадимки» мүнөздүн ортосунда ачык ажырым чек болбойт. Өзүнчө пайда боло турган ооруларга салыштырганда психопатия адамда өмүр бою туруктуу болот, бирок психикалык функциялардын кескин бузулушуна (жөөлүү, галлюцинация ж. б.) алып келбейт. Психопатияга тукум куугучтук, баланын төрөттө майып болушу, туура эмес тарбия, социалдык терс таасирлер себеп болушу мүмкүндүк психопатиянын астениялык (таасирге тез берилүү, ачуусу тез келүү, чечкинсиздик, кызганчаактык), психастениялык (курулай коркуу, өз оюнун жана кыймыл-аракетинин тууралыгына шектенүү ж. б.), бат козголуучу (өзүн өзү кармай албай, каарданып, ачуусу бат келип, бирөөгө кол салуудан кайра тартпайт), параноялык (кандайдыр жогорку идея издешет, башкаларга караганда өз идеясы артык, жогору тургансыйт) ж. б. түрлөрү болот. Психопатияны алдын алуу жана дарылоо үчүн оболу бала кезден туура тарбиялоо, үй-бүлөдө, мектепте, өндүрүштө туура мамиле жасоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]