Пуассон теңдемеси

Википедия дан

Пуассон теңдемеси – потенциалдар теориясынын негизги теңдемелеринин бири. Франциялык физик С. Д. Пуассон ачкан (1812). Пуассон теңдемеси ρ(x, y, z) көлөмдүк тыгыздыкка ээ болгон электр заряддары тарабынан түзүлгөн электр-статикалык талаанын x, y, z координатасындагы чекиттин потенциалын U аныктайт. Эгерде U – тартуу талаасынын потенциалы болсо, анда ρ(x, y, z) – массанын бөлүштүрүлүш тыгыздыгы болот. ρ(x, y, z)=0 болгон учурда пуассон теңдемеси Лаплас теңдемесине айланат. Пуассон теңдемесиин чыгарылышы төмөнкүдөй: [[Image:]]. Мында интеграл, бардык көлөм боюнча алынган жана [[Image:]].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]