Пулемёт

Википедия дан

Пулемёт – автоматтык атылма курал. Ал ок менен жер бетиндеги, абадагы жана деңиздеги буталарды жок кылууга арналган. Түзүлүшү жана арналышы боюнча пулемёт колго алып жүрмө, станоктуу жана жалпы болуп айырмаланат. Калибри боюнча пулемёт негизги (6,5–8,0 мм) жана ири калибрдүү (12,7–15 мм) болуп бөлүнөт. Пулемёт көпчүлүгү кара дары от алганда пайда болгон газдын артка тебүү энергиясынын эсебинен автоматтык түрдө атылат. Пулемёттун негизги бөлүктөрү жана механизмдери: най, найлуу куту, затвор, согуудан от алдыргыч механизм, кайтарма пружина, мээлегич түзүлүш, магазин. Мындан башка кол жана жалкы пулемёттордо кундак, бут, ал эми станоктуу жана ири калибрдүүдө станок болот. Пулемётко патрон атайын тасма менен же кутучадан берилет; окту бир нечесин удаа (автоматтык түрдө) жана бирден атууга болот. 1883-жылы америкалык конструктор X. С. Максим ойлоп чыгарган, алгачкы пулемёт 2-дүйнөлүк согушка чейин колдонулган. Пулемёт менен мото аткыч, зениттик-пулемёттук ж. б. бөлүкчө куралданат. Ал танкка, самолётко (вертолётко) ж. б. согуш машиналарына каршы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]