Пулков дөбөлөрү
Көрүнүш
Пулков дөбөлөрү – Санкт-Петербургдун түштүгүндөгү дөбөлөр тизмеги. Бийиктиги 73 мге чейин. Түндүк дөбөсүндө Россия Илимдер академиясынын Башкы астрономиялык Пулков обсерваториясы жайгашкан. Граждандык (1919) жана Улуу Ата Мекендик (1941-44) согуштарда Ленинградды коргоодогу негизги стратегиялык пункт болгон. 1967-жылы «Пулков чеги» мемориалдык комплекси тургузулган).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9