Пуллороз

Википедия дан

Пуллороз (Pullorosis), жугуштуу ак чычкак – тооктор түркүмүндөгү куштардын жугуштуу ылаңы. Ылаң балапандардын ичегисин, паренхималуу органдарын жабыркатат, септицемияга дуушар кылат, ал эми жетилген куштардын энелик безинин ишин бузат. Пуллороз дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде, ошондой эле Кыргызстанда да кездешет. Пуллорозду Salmonella gallinarum жана Salmonella pullorum сальмонеллалары козгойт. Ылаңга куштардын ар кыл түрлөрү туруктуурак, бирок тоок менен күрп, ошондой эле көбүнчө эт тукумундагы балапандар тезирээк ылаңдай турганы аныкталган. Сууда сүзүүчү куштар ылаңга туруктуу. пуллороздун катуу кармаган формасы 5–7 күндүк балапандарда катуу башталат. Ылаң негизинен алиментардык жол менен жугат. Жашыруун (букма) мезгили 1–6 күнгө созулат. Ылаң катуу кармаган жана өнөкөт формада өтөт. Ылаңда тамак сиңирүү органдарынын иши бузулат, чычкактайт. Ылаң чоң тоокто тымызын формада өтүп, кез-кезде ичи өтөт, таажысы көгөрөт, мындай мезгилде жумуртка туушу 50–60%ке төмөндөйт. Жумуртка туучу тоокто негизинен энелик без жана тукумдук түтүкчө сезгенет. Ылаңга диагноз эпизоотологиялык маалыматтардын, мүнөздүү клиникалык белгилердин жана патанатикалык өзгөрүүлөрдүн негизинде коюлат. Ылаңдын таралышынын алдын алууда ылаңдуу куштар жок кылынат, калган шектүү, соо куштарды дарылоо жүргүзүлөт. Пуллорозго каршы атайын каражаттар, вакцина жок, ошондуктан антимикробдук дары-дармектер (сульфаниламиддер, нитрофурандар, антибиотиктер) сунуш кылынат. Алдын алуу жана күрөшүүдө инкубацияда пуллороз менен ылаңдабаган тооктон алынган сапаттуу жумурткаларды колдонуу зарыл. Жумурткадан чыккан балапандар 6 сааттан кечиктирилбей канаттуулар фермасына жөнөтүлүүгө тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]