Пуна

Википедия дан

Пуна – Индиянын батышындагы шаар. Декан бөксө тоосунун батышында, деңиз деңгээлинен 560 м бийиктикте жайгашкан. Махараштра штатында. Калкы 2,6 млн (2010). Автомобиль кураштыруу (мотоцикл) өнүккөн. Келкара музейи (Индиянын салттуу искусство буюмдары коюлган). Текстиль, тамак-аш, машина куруу, булгаары-бут кийим, химия өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн жогорку технологиялуу өндүрүшүнүн борбору. Пунага жакын жерде антибиотик заводу бар. Ага-хан ак сарайы, Паталешвар храмы, орто кылымга таандык Шанвар-Петх чебинин калдыктары сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]