Пунктирлеп себүү

Википедия дан

Пунктирлеп себүү, нокоттоп себүү – үрөндү жөөккө катар аралыгы кенен, бирдей аралыкта, бирден себүү ыкмасы. Кант кызылчасы, жүгөрү ж. б. отолмо өсүмдүктөрдү өстүрүүдө колдонулат. Пунктирлеп себүүдө так себүүчү сепкичтер, мисалы, СКРН-12 (кант кызылчасы үчүн) ж. б. пайдаланылат. Пунктирлеп себүүчү үрөн так себилиш үчүн адегенде калибрленет (чоңдугуна жараша бөлүү). Үрөндү катарлап себүүдөн пунктирлеп себүүнүн артыкчылыгы – өсүмдүктү багып өстүрүүгө кеткен жумушту азайтат: өсүмдүк кол менен суюлтулбайт. Азыктануу аянты кенен болуп, өсүмдүк бири-бирине тоскоол кылбайт. Өсүмдүктүн катар аралыгы гана эмес, катардагы өсүмдүк аралыгы да культиватор менен иштетилип, кол эмгеги пайдаланылбайт. Өсүмдүктөрдүн өздүк наркы төмөн болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]