Пурин негиздери
Пурин негиздери – негиздик касиетке ээ болгон, пурин окси - жана амин туундуры. Алар бири биринен пурин ядросундагы функционалдык топтор жаратылыштары боюнча айырмаланат. П.н. жаратылышта жаныбарлар, өсүмдүктөр жана микроорганизмдер организминде пиримидин негиздери менен бирге нуклеин к-талары, нуклеотиддер, нуклеозиддер жана өз алдыларынча кээ бир коферменттердин курамдарында кездешет. Эркин түрүндө П.н.көптөгөн өсүмдүктөр курамында, жаныбарлар боорунда, канында, сүтүндө, терилеринде ж.б. органдарында болот. П.н. ичинен көп таргандары аденин (I), гуанин (II), гипоксантин (III) жана ксантин (IV):
I R=H; R¢ =NH 2 II R=NH2 ; R ¢ =OH
III R=H; R¢ =OH IVR=R ¢ =OH
Нуклеин к-таларынын курамында негизинен аденин менен гуанин гана кездешип, өтө аз санда кээде алардын метил туундулары болот: 2-метиладенин, 6-метиладенин, 1-метилгуанин, 2-метилгуанин, 2,6-диметилгуанин. Пурин жаратылышта өсүмдүк курамында (чай, кофе, какао) эркин түрүндө кезигүүчү негизги туундулары болуп, метилденген ксантиндер-тиобромин, тиофиллин, кофеин эсептелет. П.н. нуклеин к-таларын, нуклеотид
ж-а нуклеозид 1н H2SO4 же 12нHClO4 жардамы менен 100оC гидролиздөөдөн алынат. Аларды cинтездик ыкмалар менен да алууга болот. П. н. синтездеп алууда баштапкы продуктулар болуп пурин жана заара к-талары эсептелет. Айрым бир таза П. н. практикада дары-дармек заттар катарында (мис, кофеин, тиофиллин, теобромин) колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6