Путоо тоосу

Википедия дан

Путоо тоосуЧоң-Алай кырка тоосунун түн. тармагы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасы аркылуу түндүктөн түштүккө 22 кмге созулуп жатат. Алай өрөөнүнүн батышынан орун алган. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 3400–3700 м, эң бийик жери 4139 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, капталдары тик, кыска ж-а терең кокту-колоттуу. Юра м-н бордун алевролит, чопо, кумдук, конгломерат ж. б. тектеринен турат. Шалбаалуу талаа м-н сейрек арча токою (2900–3000 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3000–3600 м), нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2