Путти

Википедия дан

Путти (италянча putti – көптүк сандагы, putto – амур, периште) – өткөн замандардын көркөм искусствосунда – негизги композицияны толуктап туруучу, сюжеттик жактан анча маанилүү эмес амур, гений, периштелерди жылаңач кичинекей балдардын элесинде сүрөттөө. Термин көп учурда, мисалы, Кайра жаралуунун италиялык көркөм искусствосуна таандык болуп айтылат. Ал эми жасалгалык көркөм искусстводо П. композициянын негизги мотиви болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]