Пушкин шаары (Россия)

Википедия дан

Пушкин шаары (Россия) (1918-жылга чейин Царское Село, 1937-жылга чейин Детское Село) – Россиядагы шаар. Ленинград областынын аймагында. Санкт-Петербург шаар администрациясына карайт. Неванын оң өйүзүндө жайгашкан. Калкы 93,0 миң (2010). темир жол бекети (Детское Село). Жол машиналарын жана тиричиликке керектүү электр приборлорунун чыгаруучу заводдор, оюнчук фабрикасы иштейт. Агрардык университет, музейлер, A. С. Пушкиндин дачасы бар. Шаар 1710-жылы негизделген. 18–20-кылымдын башына чейин Елизавета Петровна бийликте турганда орус падышаларынын резиденциясы болгон. 1808-жылдан шаар. Барокко стилиндеги ак сарай-парк ансамбли (1717–23-жылдары башталып, 1752–57-жылдары кайрадан курулган), «Янтарь бөлмөсү», «Муздак мончосу» жана «Камерон галереясы» менен (1779–93), лицейдин корпусу (18–19-кылымдын башталышы), Екатерина жана Александр парктары, Александр ак сарайы менен (1792–1800), көптөгөн павильондор жана кооз курулуштар сакталган. Шаар Санкт-Петербургдун тарыхый борборлору менен катар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарда 25–26-майдан 16–17-июлга чейин буурул түн болот. Экологиялык абалы таза шаарлардын катарына кирет. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]