Пьезокварц
Көрүнүш
Пьезокварц (грекче piezo – кысым жана кварц) – минерал, пьезоэлектр касиетине ээ кварцтын тунук монокристаллы. Пьезоэлектр кубулушунун эффектисин бергендиктен, радиотехникада колдонууга болот. Пьезокварцтын жасалма (синтездик) кристаллы техникада кеңири пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9