Пьезомагнетизм
Пьезомагнетизм, пьезомагниттик эффект – сырткы басымдын таасири менен заттарда магниттеништин пайда болушу. Антиферромагниттик түзүлүштөгү заттарда гана болот. Басымдын аракети менен антиферромагниттик кристаллдын магниттик түзүлүшүнүн симметриясы өзгөргөндө пьезомагнетизм, башкача айтканда начар магнетизм пайда болот. Пьезомагнетизм азырынча үч гана антиферромагниттик кристаллда (MnF2, CoF2 жана α-Fe2O3) эксперименттик жол менен байкалган. Алардагы магниттениш чоңдугу Ii аракет эткен серпилгичтүү чыңалууга σki пропорциялаш: Ii = λiklσki. Пьезомагнетизм анчалык чоң эмес, анын максимум мааниси λikl~2.10-12 Тл.м2/Нду түзөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9