Пётр биринчи кырка тоосу
Көрүнүш
Пётр биринчи кырка тоосу Батыш Памирде, Тажикстанда. Узундугу 200 км. Эң бийик жери 6785 м (Москва чокусу). Негизинен кумдук, конгломерат тоо тектеринен турат. Бийик тоолуу рельеф басымдуу. Чыгыш бөлүгүндө ири мөңгүлөр бар (Сарган, Гандо ж. б.), капталдарында жаңгак, ак чечек токою, бийик тоо шалбаасы өсөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9