Мазмунга өтүү

Рабия Абакирова

Википедия дан

Абакирова Рабия Өрмөкчү. 1945-ж. Кочкор районундагы КумДөбө айылында төрөлгөн.

Дүкөнчү, саанчы болуп эмгектенген. 1985-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин Кочкордогу чеберканасынын үйдөн уздануучусу. Кайын энеси Коңурбай келини Зулайканын нускасын алган. Ал 80 кулач аркан эшкен, 20 кулач өрмөк куруп, бир эле өрмөктөгү эриште ондогон терме көчөттөрүн жараткан чыгаан уздардан болгон. Рабия узчулукту бычмачылыктан баштап, кийинчерээк өрмөкчүлүккө, шырдакчылыкка назар таштаган. Ал сызма согуунун чебери, аны күзүктөөдө жарын-жартылай көркөм көчөт түшүрөт. 19 жуп жипти эриш кылып алып жараткан кооздуктарынын четине «чагармак көчөтүн» салат. Ага 7 жип алынат. Уз жасаган буюмдарына «жолборс тырмак оюмун» жүз ачаар кооздук катары карайт. Ал кийиз буюмдарын да арбын кармайт. Кочкор өрөөнүнө таандык жалпы оюмду негиз кылып, «мүйүз оюмдарын» борбордук оюмга, «жолборс тырмак оюмун», «бадам оюмун», «жарым кыял оюмун» жээк оюмуна түшүрөт. Эки шырдактык кийизди беттей оюп алат. Жашыл, кызыл боёкторду арбын пайдаланат. Рабия шырдактарын эндүү жасап, көркөм оюмдарды үзүл-кесилсиз алып эки жеринен «аламыч» түшүрөт. Нускасын үй-бүлөсүнө берүүдө. Кыздары - Бактыгүл, Чынаркүл, Гүлзат, Жаңыл, Жылдыз, келини - Жумалиева Айгүл өрмөк согот, терме терет. Ала кийиз, шырдакка көркөм оюмдарды кыйыштырат. Курак буюмдарын да жасашат. Уз азыр Кочкор районундагы Чекилдек айылында жашайт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Терме таар буюмдары жана курак көлдөлөңдөрү үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин, Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамоталары; 1990-ж. «Нооруз» майрамына карата «Элдик чеберлердин кароо-сынагы». Боз үйү үчүн Биринчи даражадагы диплом.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0