Радар

Википедия дан

Радар, радиолокациялык станция (РАС), радиолокатор (англисче radar, radio detecting – радио табуу жана алыстыкты аныктоо дегенден кыскартылган) – асмандагы, деңиздеги жана жер бетиндеги объектилерди радиолокация методу менен табуу (байкоо), ошондой эле алардын ордун, ылдамдыгын жана геометриялык параметрлерин аныктоочу система. Радиотолкундарды нурландырууга жана алардын объектиден чагылышын каттоого негизделген метод колдонулат. Негизги элементтери антенна системасынан, жарык индикаторлуу радио бергич жана кабыл алгыч түзүлүштөн, кошумча жабдуулардан турат. 1887-жылы Ж. Максвеллдин теориясында айтылган электр-магнит толкундарынын немец физиги Г. Герц ачкан. 1897-жылы орус окумуштуусу A. С. Попов кемелер ортосундагы радио байланыш боюнча тажрыйба жүргүзүү учурунда кемеден радиотолкундардын чагылуу кубулушун тапкан. 1930-жылдын 2-жарымында англичандар өз кемелерине алгачкы радарларды орното башташкан. Радар колдонулуу чөйрөсү (аскердик, жарандык), арналышы (кармоо, башкаруу жана көз салуу, панорамалык, метрологиялык РАСтар ж. б.), алып жүрүүсүнүн мүнөзү (жээктик, деңиздик, борттук, мобилдик), аракеттенүү тиби (алгачкы же пассивдүү, экинчилик же активдүү, аралаш), аракеттенүү методу (горизонт үстүндөгү радиолокатор, горизонттон аркы радиолокатор), толкун диапазондуу (метрлик, дециметрлик, сантиметрлик, миллиметрлик) болуп бөлүнөт. Азыркы радарлар импульстук радарлар катары түзүлгөн. Импульстук радар кыска импульс менен нурландыруучу сигналды өтө кыска мезгилде (адатта микросекундада) жиберет, андан кийин кабыл алуу режимине өтөт жана ошол учурда нурландырылган импульс катары абага тарап, бутадан чагылган жаңырыкты угат. Радар аскер ишинде, космонавтикада, метрологияда, астрономияда ж. б. тармактарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]