Радикалдуулук

Википедия дан

Радикалдуулук (лат. radix–негиз, себеп, тамыр) – кандайдыр бир көз караш, концепсияны өтө катуу, компромиссиздик түрдө жактоо. Негизинен саясий-социалдык чөйрөгө байланышкан коомдук институттарды түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган чечкиндүү идея же аракетти көрсөтүүдө пайдаланылат. Кээде сейрек түрүндө диний, чиркөөлүк, философиялык багытты белгилөөдө колдонулуп, көнүмүш коомдук түзүлүш, каада-салтка коркунуч туудурган тарыхый кризис, өтмө мезгилдерде кеңири жайылат.