Радикализм

Википедия дан

Радикализм (латынча radicalic – түп-тамырынан) – саясий мамилелерди, ошондой эле саясий системанын негизги институттарын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө багытталган чечкиндүү аракеттер жана саясий идеялар. Радикализм радикалдык топтор менен башталган өзгөртүүлөрдүн тереңдиги жана масштабы боюнча айырмаланат. Өтө радикалдуу саясий кыймылдар саясий экстремизм катары мүнөздөлөт. Радикализм коомдун бардык социалдык катмарын камтыган кризис учурунда жанданат. Капитализм орноп жаткан мезгилде радикализм буржуазиялык революциянын идеологиясы, феодализмге, иерархиялык коомдун салттарына каршы демократиялык реформаларга жетүү үчүн башталган күрөштүн формасы катары чыккан. 19-кылымдын 2-жарымынан империализмге каршы багыттагы радикализмдин жогорулашы байкалган (анархизм, коммунизм). 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында буржуазиялык коргоочу (ультрапатриотизм) жана корпоративдик (фашизм) маанидеги радикалдык агымдар келип чыккан. I960–70-жылдары Батыш өлкөлөрүндө болуп өткөн, ортонку катмарлардын кызыкчылыктарын көздөгөн технологиялык революция «жаңы солчул» кыймылдардын келип чыгышын шарттаган. Азыркы өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө калктын көпчүлүгүнүн экономикалык жана социалдык жактан бакыбаттуулугун (жашоо деңгээлин) ырастаган демократияга жетүүсү азыркы мезгилде радикализмди саясий турмуштан сүрүп чыгарган. Жашоо деңгээли төмөн социалдык конфликттен башы чыкпаган саясий туруктуулугу жок мамлекеттерде радикализм кеңири жайылган жана анын өнүгүшү үчүн тенденциялар сакталууда. Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал кыйыныраак болуп турган шартта коомдун турмушунда радикалдык маанайдагы кыймылдардын болушун таптакыр жокко чыгарууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]