Радиоактивдүү минералдар

Википедия дан

Радиоактивдүү минералдар – курамындагы табигый радиоактивдүү элементтердин (узак мөөнөт сакталчу радиоактивдүү изотоптор 238U, 235U, 232Th) өлчөмү жер кыртышында кезиккен алардын орточо өлчөмүнөн (кларктан) бир канча жогору болгон минералдар. Жаратылышта курамында уран же торий кезиккен 300дөй радиоактивдүү минерал бар. Радиоактивдүү минералдын ар түрдүү топторго жана класстарга кириши урандын төрт жана алты валенттүү болушуна жана уран менен торийдин өз ара, ошондой эле сейрек жер элементтери менен изоморфизмде болушуна байланыштуу. Радиоактивдүү минерал – уран же торий негизги компоненти болгон минералдарга жана алар кошумча изоморфтук аралашма түрүндө кирген минералдарга бөлүнөт. Уран минералдары эки топко ажырайт. Төрт валенттүү урандын минералдары: уранинит, настуран, коффинит, браннерит, уран көөсү. Булар гидротерм, экзоген, пегматит кендеринде болот. Алты валенттүү урандын минералдары: беккерелит, кюрит, уранофан, отенит, торбернит, карнотит ж. б. Алар уран кендеринин кычкылдануу зонасында кезигет. Торий минералдары – торианит, торит жаратылышта аз кезигип, акцессор минералдары түрүндө гранит, сиенит, пегматиттерде болот. Курамында уран жана торий кездешүүчү минералдар: титанаттар (давидит), титанотанталниобаттар (самарскит, колумбит, пирохлор), фосфаттар (монацит, ксенотим), силикаттар (циркон) ж. б. Чанда давидит менен монациттин концентрациясы уран жана торий сырьёсу катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]