Радиоактивдүү суу

Википедия дан

Радиоактивдүү суу – курамында радиоактивдүү элементтердин жогорку концентрациясы бар табигый суулар. Алар курамында кездешкен радиоактивдүү элементке карата радийлүү, радондуу, урандуу ж. б. болуп бөлүнөт. Бул суулардын радиоактивдүүлүгү 50–500 Бк/м3 ашпайт да, сууда 40К жана 226Ra болушу менен мүнөздөлөт. Радиоактивдүү суу кээде гана тийиштүү көрсөткүчтөрдөн радиоактивдүүлүгү ашпаса, көбүнчө антропогендик факторлордун негизинде булганат. Кен казып, уран иштетүүдө, радиоактивдүү заттар менен иштеген ишканаларда, АЭСте колдонулган суулардын таза сууга кошулуусунан келип чыгат. Ошондуктан, радиоактивдүү заттар менен иштеген ишканаларда колдонулган сууларга катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Радиоактивдүү суу муун, сөөк ооруларын дарылоодо, кендерде радиоактивдүү элементтердин бар экендигин аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]