Радиоспектроскопия

Википедия дан

Радиоспектроскопия – физиканын бир нече герцтен 3·1011 чейинки жыштыктагы электромагниттик спектрлер изилдөөчү бөлүгү. Р. метод зат атомунун радиотолкунду сиңирүү же бөлүү эффектисин излдөөгө негизделген. Атом радиотолкунду сиңирүүсү же бөлүп чыгаруусу кванттык мүнөзгө ээ болот да, бөлүкчө (атом, электрон, ядро) бир энергетикалык абалдан Ек экинчи энергетикалык абалга Еm өтүүсүндө ишке ашат. Электро-магниттик энергиянын квант энергиясы үчүн Бор DЕ=hJ= Ек – Еm туюнтмасы туура келет. Ошондой эле оптикалык спектроскопия сыяктуу энергетикалык деңгээлдеги ичке мол. өтүүлөр ар кандай күчтүүлүктөгү спектрдик сызыктар түрүндө берилет. Радиотолкундар диапазонунда деңгээлдин аралыгында төмөндөгүдөй өтүүлөр болушу мүмкүн: 1. Мол-нын айлантуу деңгээлинде. 2. Электрондун магниттик деңгээлинде. 3. Магниттик жана 4. Ядронун электрдик квадупольдук деңгээлинде. Ушуга байланышту Р. методдору: 1. Айлантуу (микротолкундук) спектроскопиясы (АСМ); 2. Электрондук парамагниттик резонанс (ЭПР); 3. Ядролуу магниттик резонанс (ЯМР); 4. Ядролуу квадруполдук резонанс (ЯКР) деп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]