Радиоспорт

Википедия дан

Радиоспорт – спорттун техникалык түрү. Кыска толкунда жана ультракыска толкунда ышкыбоздордун радио байланышын түзүү, радиограмма кабыл алуу жана берүү, «түлкүлөргө аңга чыгуу» ж. б. боюнча ар кандай комплекстүү мелдештер өткөрүлөт. Ал радио кабылдагычты жана бергичти колдонуп, жалпы дене тарбиялык машыгууларды аткаруу менен өтөт. 1925-жылы Эл аралык радио ышкыбоздор союзу түзүлгөн. Ушул жылдан дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлөт. 1939-жылы Радиоспорт федерациясы СССРде уюшулуп, 1967-жылдан СССР элдеринин спартакиадасынын программасына кирген. Кыргызстанда Радио спорт федерациясы 1946–47-жылдары түзүлгөн. Радио спорт боюнча Б. Мещевцев, А. Жугарь, Б. Ормушев ж. б. спорт чеберлери белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]