Радиоэлектроника

Википедия дан

Радиоэлектроника – электр-магнит толкундарынын жардамы аркылуу маалыматты аралыкка берүү, кабыл алуу, өзгөртүп түзүү маселелери менен байланышкан илим жана техника тармагынын жалпы комплексин түшүндүрүүчү термин. 20-кылымдын 50-жылдарында пайда болгон. Радиоэлектроникага радиотехника, электроника, квант электроникасы, оптоэлектроника, микроэлектроника, криоэлектроника, акустоэлектроника ж. б. кирет. Радиоэлектроника радиофизика, катуу нерсенин физикасы, оптика, механика, автоматика, кибернетика менен тыгыз байланышкан. Техникада, медицинада, экономикада ж. б. тармактарда кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]