Радио "Алмаз-Нарын"
"Алмаз-Нарын" үналгысы Кыргызстандын аймактарындагы эркин радиолордун бири болгон. Негизинен Нарын шаарында жана ага жакыныраак кыштактарда, Ала-Мышык тоосунда FM жыштыгында кармап угууга болот. Биринчи ирет обого 1992-жылдын 15-июнунда чыккан. Жетекчиси - Жаркын Ибраева. Бул үналгы аркылуу "Азаттык үналгысынын" берүүлөрүн да кармап угууга болот.[1]
2010-жылдын 25-февралында үналгынын берүүсү белгисиз мөөнөткө токтотулган. Буга себеп катары радионун тышкы антеннасына туташкан беш метрлик кабелдин уурдалышы көрсөтүлгөн. Окуя эртең менен, саат 9:30–11:00 аралыгында, Нарын шаарында электр энергиясы өчүрүлгөн учурда болгон.
Ошол эле күнү шаардык паркта энергия тарифтеринин жогорулашына каршы митинг өтүп, ага 600дөн 1500гө чейин адам катышкан. Үналгынын директору Жаркын Ибраева бул эки окуянын убактысы дал келгенин кокустук эмес деп эсептеген.[2]
Адистердин айтымында, Нарын шартында радиону тез арада калыбына келтирүү кыйын болгон.
2015-жылдан тартып «Алмаз-Нарын» үналгысы толук иштебей калган.