Радио толкундардын таралышы

Википедия дан

Радио толкундардын таралышы – радиодиапазондогу электр-магниттик термелүүлөрдү мейкиндикте радио бергичтен кабыл алгычка берүү процесси. Табигый шарттарда радио толкундардын таралышы атмосфера аркылуу жүрөт. Радио толкундардын таралышы чөйрөдө фазалык ылдамдык менен таралат жана жутулат. Бул толкундардын энергиясынын бир бөлүгү чөйрөнүн электрондору менен иондорун дүүлүктүрөт. Термелүүчү электрондор жыштыгы бирдей, амплитудалары жана фазалары окшош экинчи радиотолкундарды пайда кылат. Радио толкундардын таралышында чагылуу жана сынуу процесстери орун алат. Радио толкундар дифракция жана интерференция касиеттерине ээ. Узун радио толкундар Жер менен ионосферанын арасындагы аба катмарында, дифракциянын натыйжасында таралат. Радио толкундардын ионосферада чагылышы түшүү бурчуна жана анын жыштыгына көз каранды. Ионосферага тик бурч боюнча түшкөн радио толкундар чагылбайт, тар бурч боюнча түшкөндөрү жогорку нурларды пайда кылат, ал эми кең бурч боюнча түшкөн толкундар кайра чагылат. Кыска радио толкундар жер бетинде түз сызыктуу багытта таралгандыктан, кабыл алуу 60–70 км менен чектелет. Бирок ионосфера менен Жердин ортосунда бир нече миң км аралыкка таралат. Орто толкундар үчүн күндүз ионосферадан чагылуу болбойт жана берүү аралыгы аз болот. Түн ичинде ионосферадан чагылуу пайда болуу менен орто толкундар алыска таралат. Атмосферанын бир бөлүгү болгон тропосферанын касиеттери вакуумдун касиеттерине жакын. Натыйжада тропосферада радиотолкундар жер бетин көздөй кайрылып, жер бетинин ийрилигин айланып өтөт жана алыска жетет. Бул өтө кыска толкундар үчүн гана аткарылат. Радио толкундардын таралышына метеорологиялык шарттар, Жердин магнит талаасы өз таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]