Радиус (айлананын)

Википедия дан

Радиус (айлананын), сферанын (латынча radius – дөңгөлөктүн чабагы, шоола) – айлананын же сферанын каалаган чекитин анын борбору менен туташтырган кесинди, башкача айтканда ошол кесиндинин узундугу. Радиус диаметрдин жарымына барабар. Айлананын А чекитине жүргүзүлгөн радиус ошол чекитте айланага перпендикуляр. Айлананын хордасына перпендикуляр радиус, аны тең экиге бөлөт. «Радиус» биринчи жолу 1569-жылы франциялык окумуштуу П. Рамустун, кийин Ф. Виеттин эмгектеринде кезигет. 19-кылымдын аягында жалпы кабыл алынат. Ошондой эле грек аскеринин орточо калканы да «Радиус» деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]