Ражкот

Википедия дан

Ражкот – Индиянын батышындагы шаар. Гужарат штатында. Катхиявар жарым аралында, Ажи жана Ниари дарыясынын дарыя аралык өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2010). Айыл чарбалуу аймактын соода борбору. Машина куруу, металл иштетүү, текстиль ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кооз бакчалар, эс алуу парктары уюштурулган. Колониялык мезгилге таандык эстеликтер, Уотсон музейи, М. Гандинин үй-музейи ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]