Раззаков (тасма)

Википедия дан
Раззаков
Жанры

Тарыхый, Драма, Биография

Режиссёру

Алим Токторов

Продюсери

Алим Токторов

Сценарийдин
автору

Алим Токторов

Башкы ролдордо

Алим Токторов
Гоча Бекаури
Алымкул Исаков
Бекболсун Рахманкулов

Узактыгы

82 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2015

Раззаков - Тасма Сталиндин кадры аталган Исхак Раззакович Раззаковдун 1945-50-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы, 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жогорку кызматтарында иштеген учуларындагы айрым тарыхый олуттуу окуяларды сүрөттөйт. Сталин менен болгон жолугушуулары, ошол кездеги жогорку кызматтарда иштеген инсандардын образдары, бала чагы, аялы Рауза менен болгон күтүлбөгөн окуя, каршылаштарынын аны кызматтан кетирүүгө болгон аракеттерин чагылдырат.

Тасма тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фильмдин автору, режиссёру, продюсери жана башкы каармандын ролун аткарган Алим Токторовдун айтымында, И.Раззаков жөнүндө тасманы тартуу идеясы 5 жыл мурун жаралып, ал эми аны ишке ашырууга 3,5 жылдык эмгек жумшалган.Фильмдин автору Алим Токторов :

....Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду издөөдө бир топ кыйынчылыктар болгон. Грузияга барып актёрлорду издегенбиз. Жыйынтыгында Сталиндин ролун кыргыз жериндеги Грузиянын диаспорасынын башчысы Гоча Бекаури аткарды. Мындан тышкары тасма тарыхый болгондуктан, советтик унааларды, кийимдерди табуу оор болду

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикири боюнча:

...Бүгүнкү күнү өлкөбүз И.Раззаковдой лидерге муктаж болуп жатат. "Тасмада көрсөтүлгөндөй, Исхак Раззаковдун осуяты, жасаган иштери, айткан сөзү менен аткарган иштери бизге суу менен абадай керек болуп жатат. Кыргыз мамлекетин мындан ары өнүктүрүүгө, эгемендүүлүгүбүздү сактап калууга, өлкөбүздүн келечегине Исхак Раззаковдой чыныгы лидерлер келсе, коррупцияны токтотсок, тазалыкты туу тутсак, ошондо гана кыргыз алдыга өнүгөт. Муну биз фильмдин идеясынан көрдүк. Тасманын автору Исхак Раззаковдун сөөгүн дагы бир жолу агартты десек болот

Журналист жана жазуучу Абдыкерим Мырзаев:

Исхак Раззаковдой адам кылымда бир гана жаралышы мүмкүн.Кыргыз тарыхында Исхак Раззаковго чейин Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинде биринчи катчы кызматында бир да киши иштеген эмес эле. Анткени Москва кыргыздарга ишенген эмес. 1937-жылдагы "кызыл террордон" кийин Сталин кыргыздарга башкача мамиле кылган, бирок Раззаковдун таасиринен кийин Сталин өзүнүн көз карашын өзгөрткөн. Раззаков бийликке келгенде Кыргыз ССРинин борборунда бир да кыргыз мектеби болгон эмес, бардыгы орус мектептер болгон. Республиканын борборунда бир да кыргыздын атындагы көчө болгон эмес. Раззаковдун салымы менен көчөлөргө атактуу кыргыз инсандарынын аттары коюла баштаган

Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ал Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. 1979-жылдын 19-мартында 69 жашында каза болгон.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ролдордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]