Раимжанов Абдухалим
Раимжанов Абдухалим [5. 10. 1943, Ош областы, Фрунзе району (азыркы Баткен областы, Кадамжай району), Үч-Коргон айылы] – медицина илимдеринин доктору (1988), профессор (1989). Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын академиги (2010) корреспондент мүчөсү, (2000). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1989), Нью-Йорк Илимдер академиясынын академиги (1994), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (2011). КММИни (1965), ошол эле жерде клиникалык ординатураны жана аспирантураны (1970) бүтүргөн. 1988-жылы Москвадагы бүткүл союздук гемотология илимий борборунун докторантурасын аяктаган. КММИде лаборант, улук илимий кызматкер, ассистент, доцент, профессор кафедра башчысы болуп иштеген (1989–99). 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Гемотология илимий борборунун директору. Гемотология боюнча адис 200дөй илимий эмгеги, анын ичинде 5 монография, 30 окуу-методикалык куралы жарык көргөн. Эмгектери: Система крови в процессе адаптации к высокогорью (в соавторстве)//Адаптация человека к различным климатогеографическим условиям. Л., 1980; Лечение железодефицитных анемий в условиях высокогорья (в соавторстве). Таш, 1995; Апластическая анемия и горный климат. Б., 2002.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9