Райгородской мөңгүсү

Википедия дан

Райгородской мөңгүсүТүркстан кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун алабында. Узундугу 6,4 км, аянты 6,0 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4840 м, этеги 2750 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3900 м, абляциясынын аянты 2,6 км2. Бети жаракалуу. Кийинки жылдары мөңгү чегинүүдө. Мөңгүдөн Сохтун сол куймасы – Калаймахмуд суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]