Райграс

Википедия дан

Райграс (англисче ryegrass) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу. Бийик райграс, жайыт райграсы жана көп гүлдүү Райграс болуп бөлүнөт. Бийик Райграс (А. elatius) – көп жылдык дан өсүмдүгү, бийиктиги 80–160 см, чачы гүлдүү. Жапайы райграс Европа, Азия, Түндүк Африкада, КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө, Орто Азиянын тоолорундагы шалбааларда өсөт. Малга тоют катары пайдаланылат. Бир га жерден 40–60 ц чөп чабылат. 100 кг чөбүндө 46,7 тоют бирдиги жана 3,4 кг сиңимдүү протеин болот. Жайыт райграсы (L. регеnnе) – көп жылдык дан өсүмдүгү. Бийиктиги 15–70 см. Жалбырагы тик өсөт. Toп гүлү – машак. Жапайы түрү КМШ өлкөлөрүнүн европалык бөлүгүндө, Кавказ, Батыш Сибирде, Орто Азиянын тоолуу шалбааларында кездешет. Бардык мал жакшы оттойт. 100 кг чөбүндө 48,2 тоют бирдиги жана 4 кг сиңимдүү протеин болот. Бир га жерден 50–70 ц чөп чабылат. Көп гүлдүү райграс (L. multiflorum) – бир же эки жылдык дан өсүмдүгү. Бийиктиги 20–60 см. Мал жакшы оттойт. КМШ өлкөлөрүндө бир жылдык түрү – вестервольд райграсы эгилет. 100 кг чөбүндө 51 тоют бирдиги жана 4 кг сиңимдүү протеин болот. Кыргызстанда жайыт райграсынын Маркинский 24 гибриди чыгарылган; бийиктиги 90–115 см. Сабагы жумуру, жылма. Бир түп өсүмдүктөн 80–120 сабак өсүп чыгат. Жалбырагы жазы, топ гүлү – машак (узундугу 22–28 см). Бир гектар жерден 50–65 ц чөп (140–210 ц чөп) чабылат. Ош жана Ысык-Көл областынын, Чүй жана Талас өрөөндөрүнүн жайыттарында эгилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]