Ракеталык аскер күчү

Википедия дан

Ракеталык аскер күчү (немецче Rakete, италянча rocchetta) – жер бетинде, абада, деңизде күжүрмөн милдет аткаруучу мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн бир бөлүгү. 2-дүйнөлүк согуштун (1939–45) учурунда калыптанып, согуштук дүрмөт (жөнөкөй, ядролук, термоядролук) менен куралданган ар түрдүү класстагы согуштук бөлүк, аскер бирикмелерден турат. Согуш мезгилинде башка аскер күчтөрү менен тыгыз байланышта болуп, бирдиктүү тапшырманы аткарууга тийиш. Ракеталык аскер күчү ич ара стратегиялык, оперативдүү-тактикалык багыт жана зениттик бөлүктөргө бөлүнөт. Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрүндө негизинен өлкөнү аба майданынан коргоо үчүн зениттик аскер бөлүктөрү түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]