Ракеталык курал

Википедия дан

Ракеталык курал – ракетанын жардамы менен кыйраткыч каражаттарды бутага жеткирүү системасы. Ал жер бетиндеги, асмандагы жана деңиздеги душманды талкалоого арналган. Ракеталык куралдын артыкчылыгы ракеталар алыска жана жогорку ылдамдыкта учат; өтө зор кыйраткыч жарылуучу заттарды бутага так тийгизет, учуп бара жатканда тез манёвр жасай алат; канча миң км аралыкты бир нече минутада учуп өтөт. Ракеталык курал функциялык жагынан өтө кеңири диапазонго (континент аралык баллистикалык ракеталар, аскердик космос куралдары) ээ болуу менен коё берүүнүн алыстыгы (минималдык, максималдык), согуш куралынын көлөмү, жалпы түрү (фугастык, күйгүзүүчү, химиялык, бактериялык ж. б.), башкаруу системасынын жана кыймылдаткыч күчүнүн түрү, салмагы аркылуу класстарга бөлүнүп, тактикалык, оперативдик-тактикалык жана стратегиялык бөлүктөрдөн турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]