Ракеталык кыймылдаткыч

Википедия дан

Ракеталык кыймылдаткыч – өзүнүн иштешине айлана-чөйрөнү (аба, суу) пайдаланбай учуучу ракетанын реактивдүү кыймылдаткычы; космонавтикадагы кыймылдаткычтын негизги тиби. Ракеталык кыймылдаткыч реактивдүү агымдын кинетикалык энергияга айландыруучу энергиянын түрүнө жараша химиялык (термохимиялык) ракеталык кыймылдаткыч, ошондой эле суюктук жана катуу отун менен иштөөчү; ядролук, электрдик ракеталык кыймылдаткыч. болуп айырмаланат. Химиялык отун менен иштөөчү ракеталык кыймылдаткыч кеңири таралган. Анын негизги агрегаты – кыймылдаткыч камерасы болуп эсептелет. Камера күйүү камерасынан жана соплодон (газ же суюктук өткөрүүчү атайын канал) турат. Электр жана ядролук ракеталык кыймылдаткычтар келечекте космосто учуучу аппараттарда кеңири колдонулушу ыктымал. Космостук жана ракеталык техникада пайдаланышына жараша ракеталык кыймылдаткыч күүлөндүргүч (космостук ылдамдыкка чейин күүлөнтүүчү негизги кыймылдаткычтар), башкаргыч, тормоздогуч, түзөткүч, ориентациялагыч ж. б. болушу мүмкүндүк ракеталык кыймылдаткыч авиацияда негизги жана жардамчы (старттык, ылдамдатуучу) кыймылдаткычтар катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]