Ракета баскычы

Википедия дан

Ракета баскычы -көп баскычтуу курама ракетанын бирдиктүү ажырама бөлүгү; ал өз кыймылдаткычтары менен учуу траекториясынын белгилүү аралыгында ракетаны учуруп күүлөндүрөт.

Ракета баскычы ракета кыймылдаткычтардан, алып жүрүүчү күч конструкциясынан, отундуу бактардан, отун берип тургуч системадан, башкаруу системасынан (ошол -баскычка орнотулса) жана баскычтарды ажыраткыч механизмдерден турат. Отуну түгөнгөндөн кийин Ракета баскычы пайдасыз жүк катары ракетадан бөлүнүп жерге түшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.