Ракета куралы

Википедия дан

Ракета куралы - кыйраткыч каражаттарды бутага ракета менен жеткирүү системасы; ал жер бетиндеги, асмандагы жана деңиздеги душмандарды талкалоого арналган.

Ракета куралынын артыкчылыгы ракеталар алыска жана жогорку ылдамдыкта учат; өтө зор кыйраткыч күчтүү жарылгыч заттарды бутага так тийгизет; учуп бара жатканда тез манёвр жасай алат; бир канча миң км аралыкты бир нече минутада учуп өтөт. Ракетанын жарылгыч бөлүгү кадимки же ядролук (термоядролук) жарылгыч зат менен дүрмөттөлөт. Ракета куралынын тактикалык, оперативдик тактикалык жана стратегиялык түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.