Ракета кыймылдаткыч

Википедия дан

Ракета кыймылдаткыч - айлана-чөйрөгө (аба, суу) көз карандысыз аппараттагы (учуучу, жер үстүндөгү, суу астындагы) гана заттар менен энергия булагын пайдаланып иштөөчү реактивдүү кыймылдаткыч; космонавтикадагы кыймылдаткычтын негизги тиби.

Ракета кыймылдаткыч реактивдүү агымдын кинетикалык энергиясына айландырылуучу энергиянын түрүнө жараша химиялык (термохимиялык), ядролук, электр Ракета кыймылдаткыч болуп айырмаланат. Химиялык отун менен иштөөчү Ракета кыймылдаткыч кеңири таралган. Химиялык отундардын агрегаттык абалына карата Ракета кыймылдаткыч суюк жана катуу отундуу болуп ажыратылат.

Электр жана ядролук Ракета кыймылдаткычтар келечекте космосто учуучу аппараттарда кеңири колдонулушу ыктымал. Космостук жана ракеталык техникада пайдаланылышына жараша Ракета кыймылдаткыч күүлөндүргүч (космостук ылдамдыкка чейин күүлөнтүүчү негизги кыймылдаткычтар), башкаргыч, тормоздогуч, түзөткүч, ориентациялагыч ж. б. болушу мүмкүн.

Ракета кыймылдаткыч авиацияда негизги жана жардамчы (старттык, ылдамдатуучу) кыймылдаткычтар катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.