Раковец Степан Семенович

Википедия дан

Раковец Степан Семенович (1938-жылы туулган, Беларусия, Минск областы, Старые Дороги району, Дрозды кыштагы) – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). Эмгек жолун 1953-жылы Беларуссияда Минск областынын «Дружба» колхозунда колхозчу болуп иштөө менен баштаган. 1961-жылы айыл чарбасын механикалаштыруу окуу жайын бүтүрүп, 1963-жылы Кыргызстанга келип, Кыргызстан машина сыноо станциясында тракторчу, звено башчысы болуп иштеген. 1972–73-жылдары кант кызылчасынын ар гектарынан 583,6 цден түшүм жыйнап алган. 1974–79-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1971–75-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]