Ракоши Матьяш

Википедия дан

Ракоши Матьяш, Матьяш Розенфельд [14. 3. 1892, Сербия, Австрия-Венгрия, Бач графтыгы, Ада айылы – 5. 2. 1971, Горький (азыркы Нижний Новгород), сөөгү Будапештке коюлган] – венгриялык саясий жана мамлекеттик ишмер. Венгрия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири (1918). 1912-жылы Будапешттеги Чыгыш академиясын бүтүргөн. 1912–14-жылдары Гамбургда банк кызматчысы болуп иштеп, 1914-жылы Венгрияга кайтып келген. 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде австрия-венгрия армиясында кызмат өтөп, 1915–18-жылы орустарга туткунга түшкөн. 1919-жылы соода боюнча эл комиссарынын орун басары, Кызыл Гвардиянын башкы командачысы. Австрияга эмиграцияланган, 1920–24-жылдары Коминтерндин аткаруу комитетинде иштеп, 1921-жылы анын секретарлыгына шайланган. 1945–48-жылдары Венгрия Компартиясынын, 1948–56-жылдары Венгрия эмгекчилер партиясынын генералдык секретары, ошол эле мезгилде Венгр Эл Республикасынын Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, төрагасы. Венгрия коомундагы терең кризиске байланыштуу БКнын чечими менен секретарлыктан бошотулуп, Саясий бюродон чыгарылган. 1956-жылы Венгриядагы көтөрүлүштөн кийин СССРге жөнөтүлүп, Ракоши Токмок (Кыргызстан), андан соң Арзамас, Горький шаарында сүргүндө жашаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]