Рами

Википедия дан

Рами (Reohmeria gacq.) – өсүмдүктөрдүн чалкандар тукумундагы көп жылдык чөп же анча бийик эмес бадал. Тропикте өсүүчү 100гө жакын түрү белгилүү. Бир түрү ак рами (кытай рамиси деп да аталат) була алыш үчүн өстүрүлөт. Бийиктиги 2–3 м, кээси 4 мге жетет. Сабагы бутактанбайт, жибек түктүү, ал жыл сайын куурайт. Жалбырагы чоң, бир аз тегерек формада. Гүлү айрым жыныстуу, майда, түсү көк же кызгылтым. Сүйрү мөмөсү абдан майда. Рами жылуу, нымдуу жерде жакшы өсөт. Тропик өлкөлөрүндө 3, Кытайдын түштү бөлүгүндө 4–5 жолу түшүм берет. Уругу, тамыр сабагы, калемчеси жана көчөтү менен көбөйтүлөт. Жакшы өстүрүлгөн рами 20–30 жыл түшүм берет. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан жана Өзбекстандын түштү тарабында, Закавказьеде өстүрүлөт. Раминин буласы бышыктыгы менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]