Рамос Бехарано Дионисио

Википедия дан

Рамос Бехарано Дионисио (жашырын аты - Моралес Марио; 9. 10. 1918-ж. т., Сан-Педро-Сула) - Гондурас коммунисттик кыймылынын ишмери.

  • Дыйкан үй-бүлөсүнөн.
  • 1936-ж. орто мектепти бүтүп, Мехика шаарындагы Улуттук автономия университетинин укук факультетине окууга өткөн.
  • 1938-ж. мекенине кайтып келип, маркстик адабияттарды окуп үйрөнүү боюнча жумушчулар ийримдерин түзүшкөн.
  • 1940- 46-ж. «Юнайтед фрут компаниге» караштуу жайда иштегенералдык
  • Банан плантацияларында иштеген жумушчулардын аёосуз эзилип жатканын ашкерелеген бир катар макалаларды жазганы үчүн камалган.
  • 1946-жылдан бүт өмүрүн революциячыл ишмердикке арноону чечкен.
  • 1949-ж. майда революциячыл-демократиялык партийны түзүшүп, 1952-жылга чейин анын жетекчилеринин бири жана «Вангуардия революсионария» деген басма сөз органынын редактору болгон.
  • Компартия түзүү үчүн даярдык көргөн. Гондурас коммунисттик партиясын (ГКП, 1954) түзүшкөндөрдөн жана ошондон тарта ГКП БКнын, анын Саясий комиссиясынын мүчөсү жана генералдык (1972- жылга чейин - биринчи) секретары.

Революциячыл активдүү ишмердиги үчүн нечен ирет камалган жана өлкөдөн айдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.