Рано Бабаджанова

Википедия дан

Бабаджанова, Рано Исламовна – ресторатор, Кыргызстандын борборундагы ири ресторандар тармагынын ээси[1].


Рано Бабаджанова Бишкектеги “Кайнар”, “Барашек”, “Тюбетейка”, “Фрунзе” аттуу ири ресторандардын ээси[1]. Анын ийгиликке жолу Ысык-Көлдөгү кичинекей “вагондогу кафеден” башталган. Бул вагонду Рано туристтик сезон маалында иштетүү үчүн ижарага алган. Ал жерде күйөөсү экөө азык-түлүктү өздөрү сатып алып, даярдап, бышырып, элге сатышчу, аларга ашпозчулардын чакан тобу жардам берчү. Ошол эле маалда Ранонун балдары колго жасалган буклеттерди таратып, эс алуучуларды “апасы иштеген” кафеге даам татып кетүүгө чакырышчу[2]. Ал кезде анын кичүү баласы эки жашта болчу.

Бишкекке кайтып келгенден кийин Рано Бабаджанова бул тармактагы иш өзүнө абдан жакканын түшүнгөн. “Банктарда бухгалтердик эсеп” адистиги боюнча диплому бар болгонуна карабастан Рано үй кожойкеси болуп, балдарды тарбиялоо менен алектенип келген. Эми болсо ушуну менен токтоп калбайын деп, ресторан бизнесин, ашкананы башкарууну үйрөнүп, жергиликтүү маркетингге окуп, бул чөйрөдө керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун издей баштаган. Ал “Жетекчинин кубаттуулугун күчөткүч”, “Финансыны натыйжалуу башкаруу, жигердүү сатуу бөлүмү” (ATManagement Group) сыяктуу курстарда билим алган. Бир нече жылдан кийин бул окуулардын баары өз жемишин берген.

2009-жылдан баштап ушул күнгө чейин Рано Бабаджанова “KAYNAR GROUP” ресторандар тармагынын башкы директору болуп иштейт. Алар: “Тюбетейка”, “Барашек”, KAYNAR, FRUNZE [3].

Рано Бабаджанова Кыргызстанда биринчилерден болуп ашпозчулардын гильдиясын түзгөн.

Рано Исламовна социалдык долбоорлорго катышып, аларды ишке ашырып келет. Алардын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго аралаштырууга жана өз ресторандарында иш менен камсыз кылып, эмгекке адаптациялоого багытталган.

Кесипкөй катары таанылуусу:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • #ONE MAGAZINE AWARDS 2016 “Жылдын реставратору” деп тапкан[4].
  • “2013-жылдын эң стилдүү адамдары” сыйлыгын тапшыруу аземинде “Жылдын аялы” жана “Жылдын ишкер айымы” номинацияларынын жеңүүчүсү болуп табылган[5].

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, төрт уулу бар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргызстан. Бизнес // https://who.ca-news.org/people:24245
  2. https://www.youtube.com/watch?v=QINfHIpBGck
  3. В Бишкеке в пятый раз вручили премии #ONE MAGAZINE AWARDS // https://24.kg/biznes_info/41037_v_bishkeke_v_pyatyiy_raz_vruchili_premii_ONE_MAGAZINE_AWARDS/?full
  4. Самые стильные бишкекчане https://mp.kg/leasure/item/2716-942_samye_stilnye_bishkekchane.html  
  1. 1.0 1.1 Кыргызстан. Бизнес // https://who.ca-news.org/people:24245
  2. https://www.youtube.com/watch?v=QINfHIpBGck
  3. https://kaynar.kg/#/home
  4. В Бишкеке в пятый раз вручили премии #ONE MAGAZINE AWARDS // https://24.kg/biznes_info/41037_v_bishkeke_v_pyatyiy_raz_vruchili_premii_ONE_MAGAZINE_AWARDS/?full
  5. Самые стильные бишкекчане https://mp.kg/leasure/item/2716-942_samye_stilnye_bishkekchane.html